• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты

3 Үчтүн айы 201920:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Мындай маалыматты  Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Адвокаттын айтымында, буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар бар экенин айткан болчу. Бирок эми, Биринчи май райондук прокуратурасынан Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдай боюнча иш козгоого негиз жок деген чечимди бузууга негиз жок, деп жооп берилиптир. 

Жапаровдун жактоочусу Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.

Депутат Садыр Жапаров Кумтор маселесин көтөрүп бийликтин кылтагына илинген. Жапаров “Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууну уюштурду” деген айып менен чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келатканда кармалган.

2017-жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту 11,6 жылга Жапаровду соттогон. Буга макул болбогон Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан, бирок, милиция кызматкерлери аларды күч колдонуу менен таратып, айрымдарын каммакка да алган.

Садыр Жапаровду кандай камашкан




Количество просмотров: 25