• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Шаардык сот Атамбаевдин баш коргоо чарасынын УКМКда каралуусу боюнча түшүндүрмө берди

16 Баш оона 201917:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык соту соттук коллегия мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча отурумду эмне себептен УКМКнын имаратында өткөргөнү тууралуу түшүндүрмө берди.

Шаардык соттун маалыматына ылайык, көчмө сот отуруму коопсуздукту камсыздоо максатында өткөн.

«Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-августтагы аныктамасы менен Биринчи май райондук сотунун шектүү А.Атамбаевге карата камакка алуу баш коргоо чарасын колдонуу тууралуу 9-августтагы токтому өзгөртүүсүз калтырылды. Жактоочу Сергей Слесаревдин апелляциялык даттануусу канааттандырылган жок», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү туурасында соттук отурум өтүп, биро соттун чечими өзгөртүлгөн ок, тактап айтканда Атамбаев 26-августка чейин камакта калтырылды.

Количество просмотров: 13