• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шаардык сот Исаковдун жакындарынын батири боюнча арызды карайт

16 Тогуздун айы 2018 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык сотунда бүгүн камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарынын батирине байланышкан арыз каралат.
Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов «Азаттыкка» билдирген. Токтакунов буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковдун үй-бүлөсү жашап турган үйдү баалоого санкция бергенин айтып, буга макул болбой шаардык сотко даттанган. Анын айтымында, турак жай Сапар Исаковдун кайын-журтуна таандык.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков быйыл 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып келет.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган Исаковдун камактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.
Количество просмотров: 25