28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды абакта калтырды. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.
Маалым болгондой, сот апелляциялык арызды канаттандырган эмес.
29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 29-январына чейин узарткан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.