• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Шаардык сот Мадумаровдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

10 Теке 2024 17:14 Бишкек Govori.TV

10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси — Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 124