• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шаардык сот Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

13 Аяк оона 2023 15:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча ишти карап, аны кармалышын мыйзамдуу деп таап, баш коргоо чарасын кароону башка күнгө калтырды.

24-августта журналист, публицист Олжобай Шакир 2 айга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык камалган.

Ал 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Олжобай Шакирге “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

Количество просмотров: 68