• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Шаардык сот Самаковдун ишин кайра карайт

17 Бештин айы 2021 15:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот мурдагы депутат Карганбек Самаковдун адвокаттарынын арызын канааттандырып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку cоттун басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен Жогорку сот «Сапаттуу билим фонду» коомдук фондунун өкүлүнүн кассациялык даттануусун жарым-жартылай канааттандырды.

Буга чейин Самаков Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуш жерлери» категориясына мыйзамсыз өзгөртүү фактысы боюнча күнөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Самаковго Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупцияны уюштуруу» беренеси менен айып тагылган.

Буга чейин Октябрь райондук соту жана Бишкек шаардык соту Самаковго карата кылмыш ишин кыскарткан чечим чыгарган. Бирок буга макул болбогон Карганбек Самаков толук актоону талап кылып, Жогорку сотко арызданган.

Количество просмотров: 222