Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова, Айбек Калиевдерге карата козголгон кылмыш иш боюнча отурум өттү.
Сотто судья Ирина Воронцова төрайымдык кылды. Анда Сапар Исаковго карата чечим Свердлов райондук сотунун өкүмү боюнча күчүндө калтырды.
Сапар Исаков- күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагына 15 жылга эркиндигинен ажыратылды. Муну менен дипломатиялык рангынан, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат. Камактагы баш коргоо чарасы да өзгөртүлгөн жок.
Айбек Калиев- 14 жылга эркинен ажыратылды. Жазаны түзөтүү абагында күчөтүлгөн режимде өтөйт деп белгиленди.