• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сотто Мадумаровдун иши каралууда

13 Жетинин айы 202311:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралып жатат.

Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Эске салсак, Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 169