• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Шаардын четине уурдап барып зордуктаган». Чүйдө 24 жаштагы шектүү кармалды

7 Кулжа 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 24 жаштагы жаран 29 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү милицияга Ысык-Ата районундагы дачалардын биринде кыз зордуктоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Кийин 29 жаштагы А.Н. бейтааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылып, 5-июнда чала тааныш адам аны үйүнө жеткирем деген шылтоо менен анын каалоосуна каршы Ысык-Ата районундагы дачалардын бирине алып кеткенин айткан. Ал жерде күч колдонуп кармап, денесине залал келтирем деп коркутуп, андан соң зордуктаган. Кыз эртеси качып кеткенге үлгүргөн.

Аталган факты боюнча «Адам уурдоо», «Зордуктоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

«Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 24 жаштагы А.Р. экени аныкталган. Сурак учурунда шектүү кыз менен социалдык тармактан таанышканын, буга чейин аны спорт залдан көргөнүн айткан. Кат алышуу жана видео чалуулардан кийин алар 5-июнда Бишкектеги кафелердин биринен жолугушкан. Кыз аны менен дачага барууга макул болгон. Кармалган адам эч кандай күч колдонуусуз, өз ара макулдашуу боюнча интимдик мамиледе болгонун билдирген. Жигит эртең менен кыз кетип калгандыгын көргөн соң райондук милицияга кайрылган», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 1642