• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шахзода түштүк жергесинде өткөн концертиндеги учурларды жеке баракчасына жайгаштырды

17 Аяк оона 2018 14:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Өзбекстандын популярдуу ырчысы Шахзода өлкөнүн түштүк аймагында өткөн концерти учурундагы кыска видеолорду жана сүрөттөрдү Инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөдү. Ал баракчасына демөөрчүлөргө жана күйөрмандарына рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирдип жазды.
Өзбек ырчысынын концерти аншлаг менен өтүп, келген эл стадионго батпай калган. Кыргыз ырчысы Самара Каримова Шахзода менен сүрөткө түшүп жеке баракчасына жүктөгөн.
Бирок, көпчүлүк көрүүчүлөр өзбек ырчысынын кийген кийимине пикир билдирип жатышат. Себеби, Шахзода былтыры Бишкек шаарында чоң концерт коюп, анда бир эле форма менен концерт аяктаганча ырдаган болчу. Бул көрүнүш көпчүлүктү толкутуп, сын пикир айтууга негиз болгон.

Өзбек ырчысынын бир форма менен концерт койгонун элди сыйлабастык деп түшүнгөн көрүүчүлөр дагы болгон. Бирок, быйыл Оштогу чыгармачылык кечесинде ырчы ар түрдүү образдагы формалар менен ырдап көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды. Ырчы Оштогу концертинде жаңы ырларды ырдай турганын айткан.

 

Количество просмотров: 39