• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайиста Шатманова: «Супер-Инфо» оппозициялык гезит болгондугу үчүн кысым болуп жатат

18 Жалган куран 2019 16:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Биринчи Май райондук сотунда «Супер-Инфо» гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өттү.

Бүгүн “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Айта кетсек, буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айтты.

Мындан сырткары аталган гезит оппазициялык болгондугу үчүн кысым болуп жаткандыгын билдирди.

Количество просмотров: 25