Бүгүн президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоонун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунан соң журналисттерге билдирди.
«Жогорку Кеңештин карамагында президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныкташ үчүн дагы бир күн бар»,-деп билдирди Шайлдабекова.
Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жыйында шайлоо мөөнөтүн жарыялоонун мөөнөтү 21-октябрда бүтөрүн билдирген.
«Бүгүн (21-октябрь) саат 00:00дө президенттик кезексиз шайлоо жарыяланды деп эсептелет. БШКны эртеңден тартып иш планын түзүп, иштей берүүгө чакырам»,-деди Текебаев.
Белгилей кетсек, парламент депутаттары 21-октябрдагы отурумунда президенттик шайлоонун мөөнөтүн кворумдун жетишсиздигинен улам аныктай алган жок.