• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлдабекова: Президенттикке талапкер болуу үчүн 10 киши расмий арыз берди

6 Жетинин айы 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер болууга дагы 3 адам арыз тапшырды. Алар Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев жана Нурлан Мотуев аттуу жарандар. Бул тууралуу Борбордун шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, Турдумалиев «Улутман» партиясынын атынан көрсөтүлдү. Ошентип, президенттикке талапкер болууга жалпысынан 10 киши расмий кайрылды.

«Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган. Бүгүн Нурлан Мотуевдин арыз бергенине күбө болдук. Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар 15-ноябрга чейин БШКга арызын берип, 7-декабрга чейин бир миллион сом күрөө менен кошо тиешелүү документтерин толук тапшырып бүтүшү керек»,-деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого 59 талапкер арыз берген.

Количество просмотров: 439