Апрелде өткөн шайлоого салыштырмалуу бүгүн,11-июлда шайлоочулардын саны төмөн болду. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, апрель айында 36 пайыз шайлоочу катышса, бүгүн 30 пайыз шайлоочу катышты.
«Ош шаарында апрелге салыштырмалуу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу көбүрөөк болду. Токмок шаарында добуш берүүгө келгендер көп болду. Бишкекте болсо апрелде өткөн шайлоого салыштырмалуу 6 пайызга аз», — деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.