• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоо-2020: 7% босого чектин артыкчылыгы менен кемчилиги

19 Баш оона 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

2017-жылы азыркы VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен 9 пайызга көтөрүлгөн шайлоо босогосу кайрадан 7 пайызга түштү.

Депутаттар кабыл алган мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков июнь айында кол койду. Ага ылайык, күздө өтө турган парламенттик шайлоо 7 пайыздык чек менен өтмөй болду.

7 пайыздык босого чек коңшу Казакстандан башка Борбор Азиядагы өлкөлөрдө эле эмес, пропорционалдык шайлоо системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн биринде дагы жок.

Алсак, Арменияда — 3%, Грузияда — 5% (бирок 2020-жылдан тарта босого чек Грузияда такыр эле жоюлат), Латвияда — 5%, Литвада — 5%, Молдовада — 5%, Орусияда — 5%, Казакстанда — 7%; Украинада — 5%, Эстонияда — 5%, Тажикстанда — 5% босого чек каралган.

Коомдук ишмер, саясатчы Ишенбай Кадырбеков Кыргызстандагы 7 пайыздык босого чек дагы да болсо жогору экенин айтат.

Ишенбай Кадырбеков

«Босого чектин жогору бойдон калышында саясий кызыкчылык бар. Себеби парламентке майда партиялар келбей, марионеттик парламент кылыш үчүн босого баллды жогору кылышат. Бизде дагы 9 пайыз болбодубу. Аны ойлоп чыгарган авторлор – колдон келишинче Жогорку Кеңешке экиден ашпаган партия келсин деген максатты көздөшкөн. Ошондо бул аракет менен парламентке эң көп дегенде 3 партия келсе, Жогорку Кеңешти да, аткаруу бийлигин да колго алып, жалпы Кыргызстанды башкарабыз дегендердин оюну ишке ашат. Башка өлкөлөрдү ала турган болсок, Израилде босого чек 2 пайыз. Себеби алар демократияны так түшүнүп жатышат. Парламент өкүлчүлүк бийлик болуп саналат. Эгерде коомчулук кайра-кайра чыгып, сын-пикир айтпаганда 7 пайызга дагы түшмөк эмес. Бирок бул дагы өтө жогору. Айрым депутаттар 5 пайызга түшүрөлү дегенде шартка көнүшкөн жок. Араң дегенде 2 пайыз түшүрүп элди сооротуп койду»,- деди деди Кадырбеков.

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору эмне үчүн колдоо таппай калганынын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

Дастан Бекешев

«Биз сунуштаган босого чекти 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору бийликке жакпаганы үчүн колдоо таппай калды. Жаңы партиялар келбесин деген максатта тоскоолдуктар болуп калды окшойт. Негизинен эле босого чекти төмөндөтүү зарыл. Анткени жаңы партиялардын парламентке келишине мүмкүнчүлүк беришибиз керек»,-деди эл өкүлү.

Ошол эле учурда босого чектин жогору болушунун артыкчылыгын айткандар бар. Мындай чек парламентке 3-4 сапаттуу партиянын келишин шарттап, туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болорун жүйө кылып келишет.

Ал эми саясат талдоочу Айданбек Акматовдун айтымында,
босого баллды 9 же 7 пайыз кылуу менен парламентке 2-3 гана партия алып келип, үстөмдүк кылабыз деген туура эмес.

Айданбек Акматов

«Биз парламенттик бийлик системасын түзөбүз деп багыт алгандан кийин ошого жараша кадамдар болушу керек. Жогорку Кеңешке канчалык көп жаңы күчтөр келсе ошончолук жакшы дегенди билдирет. Босого баллды 9 же 7 пайызга чыгарып, парламентке 2-3 гана партия алып келип үстөмдүк кылабыз деген туура эмес. Себеби саясат парламентте болушу керек. Ал эми парламентке келе албаган партиялар өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн көчөдө жүргүзө баштайт. Бул нерсе мамлекеттин туруктуулугуна доо кетирет. Биз шайлоо босогосу менен күрөө маселесин гана эмес элдин өзүнө шайлоого мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Партиялар дагы талапкер көрсөтсүн. Анын ичинде эл, жеке инсандар талапкер көрсөткөнгө укуктуу болушу керек. Мына ошондой табигый жол менен шайланган парламент гана күчтүү болуп, бийликтин басымына туруштук берет. Себеби алардын таянганы эл болот»,-деди саясат талдоочу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, 7 пайыздык босого чекти ашып өтүп парламентке келиш үчүн партиялар кеминде 140 миң добуш алышы керек.

Абдыжапар Бекматов

«Сөзүмдүн башында баса белгилеп айткым келет көз ачыктык кылбаш керек. Жалпыга белгилүү болгондай 7 пайыздык босого чек конституциялык мыйзамдын талабы. Ага ылайык, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын так санынан аталган пайыз алынат. Быйылкы шайлоодо  3 млн 400 миңден ашуун шайлоочулар тизмеде турат. Мисалы, добуш берүүгө 2 млн шайлоочу келген болсо, 7 пайыздык босого менен 140 миң добуш болот. Аталган добушту алган партия парламентке өтүп, мандаттарды бөлүштүрүүгө катышат. Канча партия босого баллды басып өтөт 4-октябрда шайлоодон кийин билинет. Өзүңүздөргө билгендей 44 саясий партия шайлоого  катышуу ниетин билдирип, 8 партия съезд өткөрдү. Калган партиялардын эки күн гана убактысы калды»,-деди Бекматов.

Азим Азимов

Ошол эле учурда медиа эксперт Азим Азимов шайлоо алдында өлкөдөгү саясий кырдаалга саресеп салып, парламентке келүү ыктымалдуулугу жогорку болгон партияларды атады. Алар: «Мекеним Кыргызстан»,» Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Бир Бол». 

«Өз алдынча тизме түзүп, анда парламентке келүү ыктымалдуулугу жогорку болгон партияларды карап көрдүм. Окуянын өнүгүшүнө жараша маалыматтар жаңыланып жана добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн. Мен бир дагы партияда иштебей турганымды дароо айтып коёюн. Андыктан менин анализим өзүмдүн жеке пикирим болуп саналат. Күздөгү шайлоодо «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Бир Бол» партиялары жеңишке жетиши мүмкүн. Анткени «Кыргызстан» — бул иллюзия менен сугарылган партия эмес. Алар элдин колдоосун деле күтпөйт, андыктан кампаниясын калыптанып калган инструмент менен ишке ашырат. «Мекеним Кыргызстан» учурда болуп жаткан башаламандыкты өз пайдасына пайдаланууда. «Ата Мекен» партиясы коомдун оппозициялык суроо-талаптарынан улам саясий упайды ийгиликтүү чогулта алышы мүмкүн. Уюштуруу иштери ойлонулуп жасалса жана үгүт иштери «калыптанып» калган жол менен өтсө «Бир Бол» парламенттик шайлоодо утуп чыгышы ыктымал»,-дейт Азимов.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 44 партия катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Количество просмотров: 149