Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери жабылды. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.
БШКнын саат 18:00гө карата маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 миллион 50 миң 163ү, же 28,36%ы катышты. Жалпысынан жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.
БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматтар боюнча саат 20:30га карата 10 партия 5 пайыздык босого чектен өттү:
Белгилей кетсек, автоматтык саноочу урнанын эсөптөөс унөн соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.