• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шайлоо-2021: БШК төрага Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

24 Тогуздун айы 2021 19:29 Бишкек Govori.TV

БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу чечим БШКнын 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогору кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектигин белгиледи. БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоду.

Эскерте кетсек, Талант Мамытов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмесинде барары белгилүү болгон.

Количество просмотров: 209