• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шайлоо-2021: БШКга депутаттыкка ат салыша турган 3 адамдан арыз келип түштү

14 Аяк оона 202111:06 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 13-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша турган 3 адамдан арыз келип түштү.

Арыз менен кайрылган талапкерлер:

— Дурсунов Атамша Латифович. Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөттү;

— Малиев Арсланбек Касымакунович. Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөттү;

— Сариев Акылбек Аблабекович. Нарын №33 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөттү.

Количество просмотров: 238