• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо-2021: Равшан Жээнбеков БШКга документтерин тапшырды

15 Тогуздун айы 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбеков №26 Ленин шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн документтерин толук тапшырды жана шайлоо күрөөсүн төктү.

Маалыматта айтылгандай, эми БШКнын Р.Жээнбековду алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер кылып каттоо жөнүндө чечими калды. Каттоо иши БШКнын календары боюнча 27-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков учурда №1 тергөө абагында кармалууда. Аны тергөө органдары Кой-Таш окуясын уюштурууга катышы бар деп шектеп келет. Жээнбеков өзү муну саясий куугунтук деп эсептеп, ага тагылган айыптардын бирөөсүн да моюнга албашын билдирүүдө. Кыргызстандагы жарандык көзөмөл комитети жана бир катар коомдук уюмдар Р.Жээнбековду саясий туткун деп тааныган.

Количество просмотров: 224