• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шайлоо аймактарынын чек аралары жана схемалары бекитилди

7 Аяк оона 2021 12:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) добуш берүү аймактарын жана схемаларын бекитти. Ага ылайык, пропорционалдык система аркылуу саясий партиялардын тизмеси менен шайлануучу 54 депутат үчүн жалпы Кыргызстандын аймагы жалгыз шайлоо округу деп эсептелет. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар бул округга добуш берүүчү катары катталат.

Ал эми мажоритардык система аркылуу же өзүн-өзү көрсөткөн 36 депутат үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарынын картасы түзүлүп, чек арасы бекитилди. БШКнын маалыматына ылайык, бир мандаттуу шайлоо округун аныктоо үчүн атайын мекемелер аралык жумушчу топ иштеди. Анын курамына облустук жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү да кирди.

БШКнын маалымдашынча, 4-сентябрга карата Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3 млн. 686 миң 921 адамды түздү. Мунун ичинен 69 789 шайлоочу чет өлкөдө катталган. Өлкөдө катталган шайлоочулардын санына ылайык, ар бир шайлоо округунда орточо 100 476 шайлоочу болушу керек.

Жалпысынан учурда:

Бишкекте 428 599;
Ош шаарында жана Ош облусунда 898 569;
Баткен облусунда 305 053;
Жалал-Абад облусунда 686 364;
Талас облусунда 163 109;
Чүй облусунда 609 774;
Нарын облусунда 209 101;
Ысык-Көл облусунда 316 572 шайлоочу катталган.

Бир мандаттуу шайлоо округунун аныкталган чек арасы графикалык сүрөтү, добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси жана аймактык шайлоо комиссиялары тууралуу маалымат менен чогуу 10-сентябрга чейин Боршайкомдун сайтына илинет.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлер шайлоо аймактарынын чек арасы тууралуу маалымат жарыялангандан 45 күнгө чейинки аралыкта, тагыраагы 13-октябрга чейин өзүн көрсөтүүсү зарыл.

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык бир мандаттуу аймакты түзүүдө төмөнкү эрежелер:

  • шайлоочулардын саны орто эсептен 20% көп эмес өлчөмдө болгон;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймактан турат, чектешпеген аймактардан округ түзүү мүмкүн эмес;
  • республиканын административдик-территориалдык бөлүнүшү эске алынуусу керек.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан турат. Депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 343