• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Шайлоо босогосун 7%га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

10 Бирдин айы 202011:38 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору 2020-жылдын 7-февралынан тартып коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, ЖКнын бир катар депутаттары шайлоо босогосун 7%га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген.

Мыйзам долбоордун демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Т.Т.Мамытов, Ө.М.Бакиров, А.А.Турсунбаев, К.С.Нурматов, А.Т.Сулайманов, П.Р.Тулендыбаев, Самат Гульнара-Клара, М.А.Маматалиев, И.А.Маннанов, Н.Ө.Сыдыгалиев, Э.С.Тагаев, Р.М.Туманбаева, У.З.Ормонов, К.Ш.Баймуратов, У.Т.Кыдыралиев, Б.С.Турусбеков, М.И.Бакиров, А.К.Дюшалиев, З.И.Жамалдинов, А.Т.Мамашова, К.К.Иманалиев.

Количество просмотров: 38