Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып БШКга бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында 36 шайлоо округунун ар биринде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, укук коргоо органдарынан ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу түзүлгөн. Чара көрүүнү иликтөө борбору КР БШКда түзүлгөн.
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерге жана саясий партияларга карата шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматтар, кайрылуулар Борбордук комиссия тарабынан, ал эми шайлоо процессинин калган субъектилери боюнча – аймактык округдук шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 600дөн ашуун ички иштер, прокуратура жана УКМК кызматкерлерин шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүнө, конституциялык-укуктук өзгөчөлүктөргө, шайлоонун жүрүшүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоодо мыйзамдын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүүгө окутту.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-августунан 4-ноябрына чейин шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн.
Алардын ичинен:
тобуна – 13
Мүнөзүнө карата кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт:
a) шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу – 17
b) административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылышы тууралуу — 2
c) шайлоо алдындагы үгүттөө шарттарынын бузулушу тууралуу – 4
d) участкалык шайлоо комиссиясына даттануу – 1
e) шайлоо фондун каржылоо тартибинин бузулушу — 4
f) атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу – 2
g) талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу — 2
h) талапкерлердин тизмесинин к/н көрсөтүү тартибин бузуу тууралуу – 1
i) талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү тууралуу тергөө
органдарынын өтүнүчү – 1.
Аймактык алкактан караганда, кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт:
a) Бишкек – 13
b) Чүй облусу – 7
c) Ош облусу – 8
d) Жалал-Абад облусу — 2
e) Нарын облусу – 2
f) Баткен облусу – 1
g) Ысык-Көл облусу – 1
Укук коргоо органдары (ЫЧЧКТ) тарабынан 7 кайрылуу Маалыматты каттоо журналында (МКЖ) катталган. Алардын ичинен 5 – номенклатуралык иш, 1 иш боюнча териштирүү жүрүп жатат, 1 иш ОШКга карап чыгууга берилди. 10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, 6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолуган, дагы экөө ИИМдин кароосунда.
Борбордук жана округдук шайлоо комиссиялары тарабынан төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды:
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуулар үчүн 5 жазуу түрүндөгү эскертүү берилди:
a) 1 айып пул салынды:
b) Тийиштүү органдарга жөнөтүү чечими кабыл алынды:
Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары тууралуу маалымдоо үчүн шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн ЫЧЧКТ байланыш каналдары: