Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Бузуулар жөнүндө кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Жазык кодексине, КР Административдик-процесстик кодексине)” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу.
Демилгечилердин бири Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы кабыл алынганын, анда мыйзам бузуулардын алдын-алуу, бөгөт коюу натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо милдети камтылганын, ошондон улам мыйзам бузуу жосундары үчүн жоопкерчилик чаралары каралган мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди.
Сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу шайлоо системасын жана жалпысынан мамлекетти таза, демократиялык шайлоолорду өткөрүү жолунда өркүндөтүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат. Мыйзам долбоорунун негизги максаты шайлоочулардын эрк билдирүүсүн бурмалаган аракеттерди болтурбоо, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазанын шексиздигин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн төмөнкү беренелер боюнча жоопкерчилик каралган: “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу (КР ЖК 191-берене), “Шайлоочуларды сатып алуу” (КР ЖК, 192-берене), “Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” (КР ЖК,193-берене). “Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” (КР ЖК, 194-берене), “Шайлоо документтерин бурмалоо” (КР ЖК, 195-берене), “Шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү” (КР Жоруктар жөнүндө кодекси 87-берене), “Шайлоо процессинин катышуусунун укуктарын бузуу” (КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 42-берене), “Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу” (КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 43-берене), “Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу” (КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 45-берене), Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы (КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 46-берене), “Тоголок үгүт материалдарын таратуу “(КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 47-берене), “Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу (КР Бузуулар жөнүндө кодекси, 48-берене).