• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору талкууланууда

11 Жетинин айы 201916:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столдогу жыйын өтүүдө.

Тегерек столдо жарандык коомдун өкүлдөрү, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатчылар катышып, шайлоодогу 9 пайыздык босого чекти түшүрүүнүн себептерине токтолуп, өздөрүнүн ойлорун сунушташты.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанар Акаев жана Рыскелди Момбеков иштеп чыккан.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, партиянын курамын партия лидери же саясий кеңеш гана аныктап коюп жатат.

Азыр болсо шайлоочулар партияга гана добуш берет. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда элдин өзүнө жаккан талапкерлерди дагы шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлөт,-деди Акаев.

Мындан сырткары, депутат аталган мыйзам долбоору 4-ноябрдан тартып коомдук талкууга коюлганын кошумчалады.

Количество просмотров: 18