• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шайлоо мыйзамы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

15 Теке 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламентте документ боюнча 14-июлда башталган талкуу 15-июлда да уланды.

Бир катар депутаттар шайлоо мыйзамы боюнча долбоор чийки экенин, эгерде бул документ кабыл алынса Жогорку Кеңешке акчалуулар, аймактардагы чоң муштумдар гана келип, жаштар менен аялдарга мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышты. Ошондой эле, 35 депутатты бир мандаттуу округдардан, 55ин партиялык тизме менен шайлоо боюнча сунуш түшүнүксүз экенин билдиришти. Алар депутаттарды партиялык тизме менен шайлоо керектигин жана талапкерлерге өзүнчө добуш берүү системасын киргизүү демилгесин көтөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова долбоор коомчулуктагы суроо талапты эске алуу менен жазылганын, айрым кемчиликтер экинчи окууда оңдолорун айтты.

Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 108