• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БШК: 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө

2 Тогуздун айы 2020 17:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жалпы 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

«Шайлоо участокторунда жабдыктардын эки түрү колдонулат, алар биометрикалык идентификациядан өтүү, автоматтык эсептөөчү урналар. Шайлдабекованын айтымында, бул жабдыктардын кошумча запасы да коюлат»,-деди Шайлдабекова.

Кошумчалай кетсек, 2-октябрь шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда, 3-октябрда саат 08:00дө токтойт. Дал ушул сааттардан тарта үгүт иштери токтотулуп, «жымжырттык күнү» болот.

Количество просмотров: 48