• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Шайлоо жана референдумга 183 эл аралык байкоочу көз салууда

11 Чын куран 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү процессине 183 эл аралык байкоочу көз салып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 183 эл аралык байкоочу 31 мамлекеттен келишкен.

«Мындан тышкары, 11 коомдук уюмдун байкоочулары да бар. Шайлоо процессин чагылдырууга 179 массалык маалымат каражаттары чагылдырууда»,-деди Шайлдабекова.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү саат 08.00дө башталды. Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 39