• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу сакталабы?

29 Жалган куран 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-мартта борбор калаада «шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу сакталабы?» деген теманын алкагында ачык талкуу болуп өттү. Майыптыгы бар жарандар шайлоого катыштыбы жана алар өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарууда кандай тоскоолдуктарга кабылышты деген суроого “Медиа Диалог” уюму менен Еlgezit.kg басылмасы менен бирге жооп издеген.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбековдун айтымында,шайлоо участокторунда майыптыгы бар адамдар үчүн шарттар жакшы түзүлгөн эмес.

«Жалпысынан чоң иш жүрдү. Бир гана Бишкек шаарында гана эмес Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында биздин кесиптештер көмөк көрсөттү. Жалпысынан шайлоо учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга байланыштуу бир топ көйгөйлөрдү көрдүк. Мисалы, шайлоо тилкелеринде майыптыгы бар жарандар үчүн пандус, лупа болууга тийиш. Жогоруда видео материалда көрсөтүлгөндөй пандустар эч нерсеге жарабайт. Лупалар дагы жок, болсо дагы катып коюшкан. Эң башкы көйгөй алардын жасаган мамилеси. БШК буйрук бергени менен кулак салышпайт экен. Жергиликтүү шайлоо комиссиялары губернаторлорго ,акимдерге гана баш ийет экен. Биз барып материалдарды чогулта баштаганда гана сестене башташты. Өткөн жылы күздө өткөн парламенттик шайлоодо биздин кесиптештерибиз аймактарга барды. Ошол эле биз атаган көйгөйлөр аныкталды. Иш учурунда бизди жаман көрүп, нааразы болгондор дагы болду.Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоо тууралуу маалыматтар жетпей калып жатат. Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзү начар көргөн кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана Брайль арибинде жасап чыгарышы керек. Биздин долбоордун алкагында көп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн укуктарын билип калды»,-деди Аманбеков.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

Количество просмотров: 78