• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандардын саны 187ге жетти

10 Тогуздун айы 202112:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышууну каалагандардын саны 187 кишиге жетти. Алардын ондон ашууну талапкер болуп катталганын 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда кечки саат алтыда аяктайт.

Ошондой эле 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Алардын канчасы каттала турганы азырынча анык эмес.

Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды БШКга берүүгө тийиш.

Количество просмотров: 163