• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда шайлоо күнү кандай өттү?

28 Жетинин айы 2021 20:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү жыйынтыкталды.

Бул жолку парламенттик шайлоого келгендердин саны аз болуп жатканы кабарланууда. БШКнын акыркы берген маалыматына таянсак, 18:00гө карата шайлоочулардын 28,36 пайызы добуш беришкен. 

Өлкөдө уюштурулган шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышты. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулду.

Алгачкылардан болуп шайлоого добуш берүү үчүн президент Садыр Жапапров жубайы менен келди. Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

Добуш берген соң Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берип, мекендештерге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды. Жапаров өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин Администрациясы жана Министрлер Кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга боло турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Адахан Мадумаров шайлоого келди. Өз тандоосун жасаган соң Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал «бул жолку парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонулат» деген пикирин айтты.

«Бүгүнкү бийликтин эң негизги кемчилиги бул-алар менен макул болбогондорду мамлекет башчысы өзү баш болуп, УКМКсы төш болуп, кээ бир учурда аты-жөнүн атап коркутканы», — деген пикирин айткан саясатчы, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоо тилкесине жубайы жана уулу менен келди.

Ал арада Бишкек шаарындагы жана башка шайлоо тилкесинде бюллетень сала турган урналар иштебей калганы тууралуу маалыматтар байма бай чыгып жатты. Электрондук урна иштебей калгандыктан, шайлоочулардын кезеги жаралды.

Депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, Бишкектеги шайлоо тилкесинде беткабына мөөр басылган шайлоочулар добуш берип жатканы тууралуу кабарлады.

Жарандык милдетин аткаруу үчүн бакыт үйүнөн түз эле шайлоо тилкесине жаш жубайлар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Бул жолку шайлоого мамлекет башчы Садыр Жапаров баштаган саясатчылар жарандык милдетин жигердүү аткарып, добуш берүүгө жубайларын жетелей келишти.

Ал арада Орусиянын үч шаарында шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыктар чыгарылды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө көз салган “Жалпы иш” коомдук фонду 33 бузуу боюнча билдирүү келип түшкөнүн кабарлады.

Количество просмотров: 164