• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар эмне дейт?

28 Жетинин айы 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясынын өкүлү Асхат Рахымжанов Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында,шайлоо процессине саясий кийлигишүүнү байкалган жок.

«Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоого биринчи жолу байкоочулук кылып жатам. Деген менен маанилүү саясий иш-чарага туш болгонумду сездим. Бизге берилген маалыматтарга таянсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо бир катар жаңы эрежелер менен өтүп жатат. Алсак, өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамы боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан токсонго кыскарды. Былтыркы парламенттик шайлоодо партиялар 7% босого чек менен шайлоого барышкан. Быйылкы босого чек 5% түзүүдө. 10го жакын шайлоо тилкелерин кыдырдым, баары ачык-айкын өтүп жатат. Бирок добуш берүүгө келгендердин саны көп болотго деп күткөм»,-деди ал.

Количество просмотров: 1006