Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 39га жетти (тизме)
Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 39га жетти (тизме)
27 апреля 2023 в 10:21 Бишкек Govori.TV
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыз берген талапкерлердин саны 39га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.