Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2-сентябрда «Ата-Журт Кыргызстан», «Адилет», «Ак Бата», «Социалист», «Тилектештик», «Аалам», «Ынтымак», «Күч биримдикте» жана «Азаттык» демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган.
Буга чейин БШКга
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. Мындан сырткары бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталып, шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, 2021-жылдын 13-октябрында аяктайт.