• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоону жылдыруу боюнча отурумда ЖКнын өкүлү суроолорго жооп бере албай койду

2 Бештин айы 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Конституциялык палата Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамсыз токтотулгандыгы тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Сооронкулованын жана юристтердин арызын кароодо.

Анда Жогорку Кеңештин өкүлү, Камила Бейшенбек кызы Конституциялык палатага кайрылгандардын арызы негизсиз экенин билдирди.

«Ошол мезгилде эпидемиологиялык оор кырдаал, бюджеттин тартыштыгы жана саясий кризис болгондуктан, парламент кайра шайлоону кийинкиге калтырууга аргасыз болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпагандыгын белгилейбиз»,-деди ЖКнын өкүлү.

Ал эми Клара Сооронкулова: «Өлкөдө акча тартыш, бирок президенттик шайлоого каражат табылып, коронвирус тоскоол болбойбу?» деген суроо узатты.

ЖКнын өкүлү Камила Бейшенбек кызы Конституцияга өзгөртүү киргизүү, элдин талабы экенин айтып, Сооронкулованын бир нече суроосуна толук кандуу жооп кайтара алган жок.

Количество просмотров: 183