• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Шайлоонун босого балын 5 пайызга төмөндөтүү долбоору коомдук талкууга коюлду

29 Тогуздун айы 201910:31 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору 2019-жылдын 29-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары М.Жеенчороев, И.Масалиев, Ж.Акаев, Н.Никитенко, Д.Бекешев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-85-07.

Долбоордун толук тести:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 61-берененин 2-бөлүгүндө биринчи абзацындагы «элүү миң эселенген» деген сөздөр «он миң эселенген» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында «9» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын;
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2017-жылдын 5-июнундагы № 96 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

  • өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
  • ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
    Кыргыз Республикасынын Президенти
     

Количество просмотров: 30