• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоонун «Шайтан оюндары» башталды

13 Бугу 2019 14:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «2020: тобокелчиликтер» аттуу шайлоого карата алгачкы кадамын тегерек стол уюштуруудан баштады. Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер катышып, жаңы мыйзам долбоору, үгүт маданияты, бүгүнкү күнгө чейинки кемчиликтери тууралуу маселе көтөрүштү.

«Үгүт маданияты мүмкүн болушунча ачык айкын өтүш керек. Региондогу, айыл аймактагы жергиликтүү бийликтер элге жыйындарды уюштуруп туура үгүт иштерин жүргүзүш керек. Мурункудай той тамаша, концерт банерлерден арылышыбыз зарыл»,-деп билдирди Мирлан Бакиров.

Ал эми бүгүнкү талкууда ЖКнын депутаты Исхак Масалиев 9 пайыздык бөгөттү абдан оор экенин айтып, аны 7% га төмөндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан тышкары, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун жалпыга презентация жасоо менен тегерек стол жыйынтыкталды.

Количество просмотров: 19