• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайназаров: Добуш сатып алуу боюнча 32 кайрылуу түштү

11 Чын куран 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү боюнча жалпысынан 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелдеБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн билдирүүлөрдүн эң көбү добуш сатып алуу боюнча.

«Даттануулардын ичинен 23 учур админресурсту колдонуу боюнча келген. 32 арыз даттануу добуш сатып алуу боюнча»,-деди Шайназаров.

Бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. 

Количество просмотров: 45