• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайназаров шайлоодогу эң чоң көйгөйдү атады

21 Бирдин айы 202511:45 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров өлкөдөгү шайлоо процессинин эң чоң көйгөйү катары ага шайлоочулардын алардын арасында жаштардын аз катышуусун белгиледи.

Шайназаров белглиегендей, акыркы жылдары шайлоочулардын активдүүлүгү өтө төмөн түшүп кеткен.

«Шайлоого катышпаганы үчүн айып пул салуу практикасы дүйнөдө албетте бар, бирок добуш берүү биринчи кезекте конституциялык укук. Ошондуктан, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жаңы технологияларды колдонуу аркылуу шайлоочулардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Борбордук шайлоо комиссиясында аралыктан жана электрондук добуш берүүнү колдонууга мүмкүнчүлүгү бар”, — деди ал.

БШК төрагасы электрондук добуш берүү ыкмасы пилоттук түрдө буга чейин колдонулганын белгилеп, натыйжа оң болгонун айтты.

Количество просмотров: 288