• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Шакиев Ашимбаевди кайрадан сенат төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады

26 Үчтүн айы 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, баарлашуу маалында төрага Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаевди сенат төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Маулен Ашимбаев жакында эле Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Теги:
Количество просмотров: 31