• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шакиев казакстандык кесиптештерине көңүл айтты

12 Кулжа 2023 17:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Казакстандын чыгышында катталган өрттүн кесепетинен токой чарбасынын бир топ кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, — деп айтылат төраганын телеграммасында.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын чыгышындагы токойлордон өрт чыгып, анын кесепетинен 14 адам каза болду. Өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты.

12-июнь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Количество просмотров: 59