• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Шакиев менен Примов желектеги күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушташты (сүрөт) 

28 Аяк оона 2023 12:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан.

Количество просмотров: 622