Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай айылында жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу, Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Такталган маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 07:30да Бишкек-Ош жолунда катталып, бензин ташыган унаа менен жүк ташыган «Мерседес Спринтер» менен кагышкан.
Жүк ташыган унаадагы төрт кишинин бири каза таап, калган беш киши ооруканага жеткирилген. Аталган жол кырсыгы
«Мерседес Спринтер» унаасы карама-каршы тилкеге чыгып кеткенден улам болгон.