• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шамшиев менен Дүйшеевге каза болгондон кийин «КР Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

1 Аяк оона 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды. (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке  ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Количество просмотров: 85