• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Болот Шамшиев оор абалда ооруканада жатат

16 Бештин айы 2019 15:21 Бишкек Govori.TV

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу ktrk.kg сайтына анын кызы Сүйүтай Шамшиева билдирди. Учурда Болот Шамшиев “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинде дарыланууда.

«Атам Болот Шамшиев 3 жумадан бери ооруканада дарыланууда. Биринчи жумасында абалы жакшырып, жалпы палатага которулган. Бирок көп өтпөй дене табы көтөрүлүп, абалы оорлошуп кетти. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу максатында аракет кылып жатышат. Атамдын дарылануусу боюнча өлкө жетекчиси да көз салып турууда. Азыркы тапта врачтардын консилиуму өтүүдө. Ошонун негизинде чечим кабыл алынып, атамды мындан ары кантип дарылоонун жолу белгилүү болот»-, Сүйүтай Шамшиева.

Кошумчалай кетсек, Болот Шамшиев 3 жума мурун кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн.

Булак: Биринчи радио.

Количество просмотров: 298