• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шашылыш билдирүү! 20-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

18 Бугу 2020 10:34 Бишкек Govori.TV

18-майдан 20-майга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын да ыктымалдыгы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

20-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 183