Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, 3-4-июлда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, ал эми тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлүүдө.
Белгилүү болгондой, 3-4-июлда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болот. Айрым райондордо мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.