Жакынкы бир сааттын ичинде жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, жаан жаап, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Ал ортодо Бишкек мэриясы шаар тургундарынан унааларын дарактардын алдына токтотпоо керектигин эскертип, эгерде бак куласа — 0770 830006 номерине маалымдап коюну өтүнөт.