• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

25 Жетинин айы 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

28-29-ноябрь күндөрү өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишемби, жекшемби күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 10547