• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Шашылыш билдирүү. Жаан жаап, кар түшөт

7 Тогуздун айы 201914:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында абанын температурасы төмөндөп, айрым райондордо жаан, тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн, деп эскертет Кыргызгидромет.

8-9-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда катуу жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 126